Меню
Эл-Сөздүк

КАН ТАЛООН

КАН ТАЛООН — артында эрезеге жеткен туягы жок кан өлгөндө анын малы-башын талап кетүү салты. Бул байыркы замандагы салт «Манас» эпосунда да эскерилет: «Кайран көзүм жумулса, Кан талоонун кылдырбай, Кайтарып алчу неме ошол» (Курама варианты, 2. 293). Манас өлгөндө анын мүлкү К. т-го түшкөн. Ошондон улам Каныкей Семетейди төркүнүнө алып качып кеткен да, агасы Ысмайылга бала кылып берип аман чоңойтот.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: